Ысык-Көл. Каракол шаарындагы 20 үй-бүлө жашаган жаңы конушка кышка чейин электр энергиясы киргизилет
Каракол шаарындагы жаңы конуштардын бири (конушка ат коюла элек) кышка чейин электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев маалымдады. Каракол
шаарындагы аэропортунун жанында жайгашкан жаңы конуштун жашоочулары кышка чейин электр энергиясы
менен камсыз кылуу үчүн өкмөттүн өкүлү тийиштүү түзүмдөргө жана Каракол шаарынын мэрине тапшырмаларды берди.
"Бул жаңы конушка жол куруп, суу киргизүү керек. Бирок алгач кыш келгенге чейин электр
линияларын тартуу зарыл",- деди облус башчысы.
Кошумчалай кетсек,
аталган жаңы конушта азыр 20дай үй-бүлө жашайт .