Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов авариялык абалдагы №25-№44-мектептердин абалы менен таанышып чыкты. Аталган мектептер көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөндүктөн, чатырлары урап түшүп, полдору эскирип, окуучулар үчүн кооптуу абал жаралган. Имараттар менен таанышып чыккан мэр: “Абал кооптуу экен, муну ушул боюнча калтырууга мүмкүн эмес. Биздин келечегибиз болгон балдардын коопсуздугун камсыз кылуубуз керек. Ошондуктан тиешелүү өкүлдөрдү чакырып, эртең саат 09:00дө чогулуш өткөрүп, мектептердин абалын текшерүүчү топ түзүлөт. Бул мектептерди оңдоого болобу же жаңы мектеп салыш керекпи, ошол комиссия аныктаган соң тиешелүү чараларды көрөбүз”,- деди.