6-июлда Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандыктар үчүн “Умай Мед” аталышындагы медициналык борбор ачылды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди. Лаборатория, УЗИ жана кичи операцияларды кылуучу бөлүмдөр бар бул борбордо 4 медицина кызматкери иштейт. Мигранттар үчүн ачылган борбордун башкы дарыгери Гүлшан Долонбаеванын айтымында, жыл башынан бери Екатеринбургда 37 кыргызстандык көз жарган. “Орусияда жүргөн көпчүлүк кыргыз айымдары боюнда бар кезинде кеңешке муктаж болушат, бирок тиешелүү документтердин жоктугуна байланыштуу Орусиянын ооруканаларына кайрыла алышпайт”,- деди ал.