Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевге ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлүүдө
Кайрылуунун тексти
Кайрылуунун тексти
Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү”
фракциясынын депутаттары бүгүн, 9-июлда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында
шаар мэри Муктар Арапбаевге ишеним көрсөтпөө боюнча маселени сунушташты. Бул
тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирди. “Бирок бул сунушту шаардык
кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев күн тартибине киргизбей койгондон кийин шаардык
кеңештин депутаттары нааразылык иретинде сессияны таштап чыгып кетишти”,- деп
жазылган билдирүүдө. Фракциянын депутаттары өз ара жыйын өткөрүшүп, президентке,
ЖКнын төрагасына, премьер-министрге жана башкы прокурорго атайын кайрылуу
жолдошту. Төмөндөгү сүрөттө кайрылуунун текстин толугу менен келтиребиз.