Учурда Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүн тазалоо, иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Ага шаар мэри Жаныбек Жалалов катышып, көчөдө туура эмес жайгашкан соода орундары алынууда. Жүрүп жаткан иштер боюнча мэри буларды айтты:
“Биздин жолдор жол эмес, базар болуп кетти. Базардын айланасына эле эмес, чоң жолдорго да сатуучулар чыга баштады. Ушундай абалды тартипке келтирүү үчүн бардык туура эмес жерде соода кылгандарга тыюу салып жатабыз. Жол жолдой, базар базардай болуш керек”.