Жоомарт Оторбаев: "АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору Кыргызстандан чыгарылса, бюджетке 2,5-3 миллиард сом түшпөй калат"
2014-жылдын жарымынан баштап “Манас” аэропортундагы
АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору Кыргызстандан чыгарылат. Бул тууралуу
бүгүн, 11-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында донорлордун
эл аралык конференциясында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт
Оторбаев билдирди. Айтымында, бул борбор чыгарылса, Кыргызстандын бюджетине
2,5-3 миллиард сом түшпөй калат. “Бул сумма бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2-3
пайызын гана түзөт, ошондуктан ага чоң таасир бербейт”,- деди Оторбаев. Ошондой
эле өкмөт мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатууга багытталган бир катар
долбоорлорду даярдап жатканын билдирди. “Мунайды кайра иштетүүчү, ферроэритүүчү
заводдор ишке кирет, ошондой эле айыл чарба продукциясынын өндүрүмүн
жогорулатуу жана туризм өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот”,- деди
Оторбаев.