Талас. Талас шаарында “Кыргызстандын коррупцияга каршы саясаты” аттуу семинар өттү

Бүгүн, 11-июлда Талас облустук администрациясында “Кыргызстандын коррупцияга каршы саясаты” аттуу семинар болуп өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров, облустук укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, сот органдарынын, тийиштүү ишкана-мекемелердин жетекчилери катышты. КРнын Экономика министрлигинин коррупцияга каршы саясат жүргүзүү жана аны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев аталган темада баяндама жасады. Ал өз баяндамасында семинардын катышуучуларына аймактык деңгээлде коррупцияга каршы программаларды, пландарды түзүүнүн жолдорун, бул көйгөй боюнча кантип мониторинг жүргүзүү керектигин жана жасалган иш-чаралардын натыйжалуулугун арттыруунун жолдору менен тааныштырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан