Кыргызстанда 90 тонна күйүүчү майдын кору бар, ал өлкөнү 2 ай камсыздаганга жетет
Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын 90 тонна кору бар, бул өлкөнү 2 ай камсыздаганга жетет. Бул тууралуу КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов 12-июлда маалымдады. "Учурда 90 тонна күйүүчү-майлоочу майдын кору бар. Анын 55 тоннасы бензин, 35 тоннасы дизель майы",- деп билдирди Керимкулов. Айтымында, аталган ассоциациядан башка да кичи ишканалар күйүүчү май ташуу иштери менен алектенет. Буга байланыштуу күйүүчү майдын корун көбөйтүүгө учурда зарылчылык деле жок.