Киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын билүү үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып жабык жыйын өткөрдү. Жыйынга Баткен, Кадамжай, Лейлек районунун, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын прокурорлору жана Башкы прокуратуранын башкармалыгынын өкүлдөрү катышканын SUPER.KG'ге көзөмөл органынан кабарлашты.
"Жыйында кандай маселелер талкууланганы азырынча белгисиз, расмий маалымат бериле элек. Бирок алдын ала айтылгандай, жыйын облустагы прокурордун өлүмүнө байланыштуу", - деп кабарлашты прокуратурадан.
Ал эми киши колдуу болуп каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылды.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.
Анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6да Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына жакын жерде жолдун боюнан табылган. ИИМдин маалыматына караганда, ал баш сөөгүнүн бир нече жеринен жаракат алгандан улам көз жумганын кабарлаган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аны менен акыркы жолу чогуу жүргөн адам кармалган. Шектүү кармалган учурда мас абалында болгону кабарланган. Кылмышка шектүү Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы экени айтылууда.