ИИМ: "Баткен облустук прокурорун кылмышка шектүү курал менен атып, андан кийин денесин өрттөп жиберген"

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган адам аны аңчылык куралы менен атып, андан кийин кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп жиберген. Мындай маалыматты бүгүн, 24-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы тергөөнүн жүрүшүндө алдын ала белгилүү болгон жагдайларга таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун денесинин 80 пайызы күйүп калган. Аны жакындары дароо тааный алышкан эмес.

"Анарбай Мамажакыпов менен шектүүнүн ортосунда чыр чыгып, ал мушташка жеткен. Ошол мушташта бул кылмышка шектелип кармалган М.Калыковдун денесинин бир нече жери жабыркаган. Муну суракка чейинки медициналык кароо аныктаган", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Буга чейин Калыковго милиция тарабынан кыйноолор болгону маалымдалып, ИИМ бул кабарды четке каккан эле.

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Abdizhapar
2018-11-24 16:13:20
Жырткыч кудай жазаласын
0
Zhoro
2018-11-24 19:05:21
Орттолгону тууралуу эми окудум
+7
tynara81
2018-11-24 19:18:52
Өрттөлгөн дене табылды , аны жакындары араң тааныды деген маалымат таратышпаган эле го.
+5
rysik79
2018-11-24 19:23:57
Кудай жазасын берсин.
0
Take_men
2018-11-25 09:59:22
Жандап жүргөн бешөө кетип калгандан кийин болгон окшойт мушташ
0
nelli
2018-11-25 11:11:48
Орттолгону жок эле го?! Жон эле башында жаракат алган деп чыкты эле го табылганда?! А шектууну мас абалда кармалды, озуно келген сон суракка алынат деп чыккан алгачкы кабарда?! Мына сага жаны озгорулуш!!!
+2
Nargiza1987k
2018-11-25 12:41:16
Туштон кийин озгортуп салышыптырго. Эки кундон кийин аялы менен ойнош экен эле уруш ошодон улам чыгыптыр десе деле тан калбай калдыкго.
+5
Bilnur2
2018-11-25 15:09:13
Кызык,орттолгон болсо эмне учун кийимдери куйгон эмес?
+2
Svet1988
2018-11-26 05:19:54
Кызыктын баары Эми башталат окшойт.
Дагы не деген создор чыгат экен?
БАТКЕН шаарында эмгектенген атка минерлеге.ото эле коп озунордон кетип калдынар.арам акча учун бироосун олтуруп бироосунун мойнуна койо Турган болдунар.УВД Баткен канкорлор прукрорлордун артын жабам озунордун артынар ачылат.бул жерде дагы Бир бейчара Адам бар. ХХХХ ХХХХХ М Калыковту Ошко алып кеткен кундо ал адамды алып барып Баткенде УВДга алрарып 2-кун ХХХХХХ
0
Svet1988
2018-11-26 05:31:18
Эми Туура тергоо журбосо бизда чыгабыз Адилет тергоо жургузунуздор Болбосо коп Кан тогулуп кетет окшойт.Мелисти мас абалынан ошолор алып кетет анан туну менен 150-милиция таппаган адамды ошолор табат тапкандада Ошо жанындагы прукрорлор.ошол участыктан карап отуп тапайт анан эле пайда болуп калат именно ошолор табышат.башында куйгон деп айтылбанан булар ещё олгон адамды куйгузупта коргонго.мен озум Баткенден болом кабарларды угуп атам уят эртен акталып чыгат кимдин Ким экенин унутпагыла..........
0
nursiyanur
2018-11-26 08:46:44
Танги-Оток кыргызымдын жерлери ааай,Тынардын созун эстеп кеттим(буту сынык столдунастында)
0
nursiyanur
2018-11-26 08:47:53
Олгон киши чын эле ортонгон окшойт,группалаштарынан уктум мен.Коз мн корбогондон кийин бир нерсе беш кыйын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан