Башкы прокуратура Баткен облусунун прокурору болуп Улук Өмүрзаков дайындалганы тууралуу маалыматты четке какты

Буга чейин бир канча маалымат булактарында Улук Өмүрзаков Баткен облусунун прокурору болуп дайындалганы тууралуу маалымат тараган. Ал эми маалыматты тастыктоо үчүн Башкы прокуратурага байланышканыбызда, алар бул маалыматты четке кагышты.

"Азыркы тапта Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Ороз Бердибаев иштеп жатат. Ал эми Улук Өмүрзаковдун бул кызматка дайындалышы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдирди маалымат кызматы.

Улук Өмүрзаков ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси жана "Мухаммад Умар" спорт клубунун жетекчиси.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун мурдагы прокурору 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары М.Калыков 2 айга кармалган.

Ошондой эле кылмыш болгон күнү Баткен облусунун прокурору менен чогуу эс алган делген 2 орун басары, Баткен районунун прокурору жана 2 бөлүмдүн башчысы жумуштарынын убактылуу четтетилип сурак берип жаткандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alia82
2018-11-27 12:32:00
Бул баягы интернетте журот элего бироолорду урдуруп акча талап кылды деп бир аял ыйлап айтып аттыле, агасы министирликте иштейт экен деп
+3
Rystambekkg
2018-11-27 13:05:16
Жок дегенде бир кун иштеген бекен
Буга чеийн мамалекеттик кызматта.

+1
Rystambekkg
2018-11-27 13:06:37
Откурго откоруп койгон окшойт омурзаковтор
+1
Beka9393
2018-11-27 17:46:25
Rystambekkg, Ошто обл.прокуратурада иштейт.
0
CEO1
2018-11-27 13:19:58
ХХХХХХХХХХ иликтоосу чыккандан кийин деле укук коргоо органдары белсенип бул ишти караган жок. Карга карганын козун чокубайт болуп оозуна талкан салып отурушат. Анын устуно Омурзаковдор Жээнбековго коп "кызмат" кылып, откоруп коюшкан. Ары жердеши, Кара-Кулжалыктар. Ошого Матраимовдор менен Омурзаковдор каалаганча талтандап журушот...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан