Депутат Каныбек Иманалиев: "Маевскийдин камалышынан кийин иш кайра каралбаса эл аралык коомчулук астында уят болобуз"

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.

SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жооп берди.

Ал Леонид Маевский Кыргыз жерине келгенде аны тосуп алган адамдардын жоопкерчилигин да караш керек деген пикирин айтты.

"Буга чейин эле бир катар эл аралык уюмдар ЕККУ, Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюм, Евробиримдик Өмүрбек Текебаевдин саясий мотив менен камалганын айтып билдирүү жасашкан. Маевский боюнча эң өкүнүчтүүсү - кыргыз соту, укук коргоо органдары кыргыздын Роза Отунбаева, Темир Сариев, Исмаил Исаков сыяктуу эл сыйлаган инсандарына ишенбей, алдамчы Маевскийге ишенип алышканы болду. Эл аралык практикада соттор өзүнүн ата мекендик мыйзамына таянышы керек.

Маевский Кыргыз жерине келгенде биздин укук коргоо органдарыбыз аны БУУнун катчысын тосуп алгандай күтүп алышкан. Бул мамлекеттин суверенитетин тебелөө болуп эсептелет. Кимдер тосуп алган, ким кепилдик берген, кимдер акча төлөгөнүн текшеришибиз керек. Бул жерде анын жалган көрсөтмө беришине кыргыз бийлиги чоң акча төлөгөндүгү жөнүндө кеп болуп жатат. Үч фракция лидери билдирүү таратты. Биз Текебаевге байланыштуу соттун чечими кайра каралышын талап кылабыз", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан