16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.
Ал Леонид Маевскийге ишенүү мүмкүн эместиги башында эле айтылганын белгилеп өттү. "Леонид Маевскийге ишенбеш керек. Анткени мурда эле өзүнүн мамлекетинде ага карата кылмыш иштери ачылган экен. Өмүрбек Текебаевди соттоп жатканда жактоочулардын да пикири эске алынган эмес. Бул Алмазбек Атамбаевдин буйругу болуп, УКМК, прокуратура, соттор аркылуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду абакка отургузуп койгон.
Мына Орусияда Маевскийди камакка алышыптыр. Бул ачыктан-ачык мурда биздин айткандарыбыздын баары далилденип жатат. Тиешелүү адамдар өздөрү деле уялышса болмок, чыгаан инсандарды отургузуп коюп, эки жылдан бери унчукпай эле келе жатышат. Эч ким принципиалдуу оюн айткан жок. Билмексенге салып, отура берсин деп жыргап жүрүшөт.
Ошол учурда Маевскийдин сөзүнө ишенип эле соттоп коюшкан, ал эми биз такталган фактыларга таянып 5 далил бергенбиз. Ал каралган жок. Эми ошол эле далилдерди карап, Маевскийдин камалганын эске алып, Текебаев менен Чотоновдун ишин кайрадан карап чыгууга негиз бар", - дейт Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутат Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.