16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
"Шылуун, аферист Маевскийдин көрсөтмөсү менен Биринчи Май райондук соту оор берене боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттогон. Бул биздин сот системиндеги саясий буюртма жана бийликтин тапшырмасы экени башында эле белгилүү болчу. Мындай чечимдер чыгып жатканы соттордун адилеттиктен тайып, башка жолго түшкөнүнүн башталышы болду деп ойлойм.
Ал эми Маевскийдин камакка алынышы мурда биз айткан сөздүн дагы бир жолу тастыкталышы деп караса болот. Иш кайрадан каралышы керек. Текебаев менен Чотоновго мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон мурдагы УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев жана мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева эмес, ошол катардагы УКМКнын прокурорлору менен тергөөчүлөрү мыйзамды одоно бузуп, кылмыш ишин козгогондору үчүн алардын дагы жоопко тартылышы керектигин баса белгилейбиз.
Маевский өзү эле Кыргыз жерине келип калган жок. Аны бирөө шыкактап алып келди. Анткени эң абройлуу саясатчылардын бири, Конституциянын "атасы" деген Текебаевди камаганга ал башкы курал болгон. Андан башка тастыктоочу күбөлөр жок. Бир гана Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып, ишти жүргүзгөн ошол убактагы бийликтин да саясий жоопкерчилиги бар", - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.