16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.
SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна экс-депутат Аида Салянова жооп берди.
Ал абактагы саясатчылар жалган-жалаа менен камалганын белгилеп, алардын бошотулушуна башка жагдайлар бар экенин айтты.
"Орусияда ишкер Леонид Маевскийдин камалышы болгону аны мүнөздөй турган эле дагы бир жагдай. Ал камалбаса деле Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун токтоосуз бошотулушу керектигине себептер толтура. Күнөөсүз адамдардын абакта жалаа менен, бир адамдын каалоосу менен балдарынан, карыган ата-энесинен ажырап, алтындай өмүр жашын коротуп атканы укуктук мамлекеттин аброюна доо кетирет. Кудайга дагы жакпайт!
Чечим чыгара турган сот. Бийлик үн ката турган болсо, ал сотко таасир катары кабыл алынышы мүмкүн. Мисалы, менин ишимди караган судья Касымбековдун үстүнөн кылмыш ишинин козголушун соттор мыйзам менен иштегиле деген сигнал катары кабыл алышы керек. Мурун буйруктарды мыкты аткарганыңар азыр эске алынбайт дегендей. Түздөн-түз буйрук бербегени менен, кыйыр түрдө бул азыркы бийликтин позициясы деп ишенгим келет", - деди Салянова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.