Юрист Канатбек Азиз: "Маевский башка иш менен кармалса деле Текебаевдин иши жаңы кодекстердин негизинде 2019-жылы кайра каралат"

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган. Ошонун негизинде Кыргыз саясатчылары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолгон.

SUPER.KG порталынын "Маевскийдин алдамчылыкка шектелип камалышынан кийин кыргыз бийлигинин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине карата реакциясы кандай болушу керек?" деген соболуна саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз жооп берди.

Ал Маевскийдин камалышы Текебаев жалган көрсөтмөлөр менен камалганынан кабар берет деген пикирин билдирди.

"Орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин камалышы бул Алмазбек Атамдаевдин бийлигинин тушунда саясий буюртма аткарылган деген сөз эле болду. Башкача айтканда, чоң саясий спектакль болгон. Маевский "Мен таза адаммын. Мени алдап кетишти. Мен эч кимди алдаган эмесмин" деп көрсөтмө берген. Бирок 37,5 миллион доллар талап кылган деп кармалды. Маевскийдин өмүр баяны ушундай. Мындай учурда Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек. Алар жалган көрсөтмөлөр менен камалып отурушат деген сөз.

Укук жагынан айтсам, тилекке каршы, Маевскийдин Орусияда кармалышы башка иш болгондуктан Текебаевдин иши кайра кароого негиз болуп бере албайт. 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер күчүнө кире турган болсо ошонун негизинде Текебаевдин иши сөзсүз жаңы жагдайлар менен каралат", - деди Канатбек Азиз.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, жарандык активист Адил Турдукулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан