Кыргызстанга чек арадагы делимитация жана демаркация маселеси боюнча Тажикстандан эксперттер келишет

15-июлда Кыргызстанга чек арадагы делимитация жана демаркация маселеси боюнча Тажикстандан эксперттер келишет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов маалымат жыйында айтты. Ал билдиргендей, кыргыз тараптын эксперттери менен биргеликте бир катар маселелер талкууланат. Мамытов учурда тажик тарап Баткендеги Мазайыттын жери аймагында жашагандардын пайдасына узундугу 200 метр, туурасы 10 метр болгон жерди бөлүп берүү маселесин карап жатканын кошумчалады. "Бул аймак кичинекей эксклавга айланган, анда 17 үй-бүлө же 100дөй адам жашайт. Алардын Кыргызстан менен байланышы жок. Мурун жол болгон экен, бирок ал жерге Тажикстандын жараны үй куруп алыптыр",- деди вице-премьер-министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан