Президент Алмазбек Атамбаев “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Ал юридикалык жактарды каттоо маселелерин иретке келтирүү максатын көздөйт. Ага ылайык, түзүлүп жаткан (кайра аталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) КРнын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өздөрүнүн аталыштарында тиешелүү түрдө кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш. Кабыл алынган мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) аталышында башка алфавиттердин тамгалары жана иероглифтери болсо, мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты пайдалануу укугун сакташат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.