Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Гагарин жана Кривоносов көчөлөрүндөгү жолдорду оңдоо иштери менен таанышып чыкты. Жолдор түрк насыясынын алкагында капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Оңдоо иштери шаардык “Көпүрөжолкурулуш” курулуш мекемеси тарабынан бир жарым айлык мөөнөттө аткарылды. Гагарин көчөсү Тимур Фрунзе көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин, Кривоносов көчөсү Муромская көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин оңдолуп, оңдолгон жолдун жалпы узундугу 1 км 200 метрди түздү. Мындан тышкары бул жолдор 9 метрден 15 метрге чейин кеңейтилди.
Учурда аталган көчөлөр боюнча кыймыл 4 катарлуу. Алдыда жолдорго каналдарды жана тротуар куруу белгиленүүдө. Шаар башчысы келерки жумадан баштап Донецкий көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын, бул багытта тендер өткөрүлүп, жолду оңдоо долбоору иштелип жатканын, ошону менен бирге "Орто-Сай" базарынын айланасын тазалоо жүргүзүлөрүн билдирди. Бул максатта жумушчу топ түзүлдү. Шаар мэриясы Түштүк магистралы боюнча 7-8 км узундуктагы жаңы жол курууну белгилөөдө. Бүгүнкү күнү Чапаев, Гагарин, Горький (Анкара), Алма-Ата көчөлөрү боюнча жолдор оңдоону талап кылат.
Шаар башчысынын билдирүүсү боюнча, мындан тышкары Гагарин, Донецкий, Дэн-Сяопин проспектине чейин Түштүк магистралы, №4-шаардык оорукананын айланасындагы жолдор оңдоодон өткөрүлөт. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 45 км жолдорду оңдоо белгиленген. Оңдолгон жолдорго жол белгилерин коюу үчүн быйылкы жылы 8 миллион сом бөлүнгөн. Шаардын бардык жолдоруна жол белгилерин коюу үчүн 50 миллион сомго жакын каражат талап кылынат. Япониянын эл аралык кызматташтык долбоору 15 миллион сом бөлөрүн шаар башчысы кошумчалады.
Ошону менен катар Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барчу жол да капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, сугаруу тармактары тазаланып, тышкы жарыктандыруу маселелери чечилет. Жол жээгиндеги жеңил конструкциядагы павильондор, кошумча куруулар алынат. Жол оңдоо иштери 20-25 күндө аяктамакчы.