Жогорку Кеңештин Регламентине толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Ал өкмөттүн анын Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө дайындалуучу расмий өкүлдөрүнүн чөйрөсүн аныктоо максатын көздөйт. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүлү болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык мекемелердин жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталары белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан