Бүгүн, 15-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында облустун жана Сузак районунун активдери, Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушту. Анда вице-премьер-министр экономика, айыл чарба тармагы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын учурдагы абалы, кемчиликтери менен артыкчылыктары тууралуу сөз кылды. Сарпашев айыл өкмөт башчыларын шайлоонун жол-жобосун айтып, "айыл өкмөт башчыларын шайлоодо аким кийлигишпөөсү керек деген пикир туура эмес",- деди.