Турсунбек Акундун кызматтан бошотулушуна карата Жогорку Кеңештин токтомуна байланышкан арызын райондор аралык сот өндүрүшкө кабыл алды
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна байланышкан арызын райондор аралык сот өндүрүшкө кабыл алды. Айта кетсек, Акун кызматтан кетирүү боюнча Жогорку Кеңеш чыгарган токтомду сот аркылуу жокко чыгарууну көздөөдө. Мындан сырткары экс-акыйкатчы аталган токтомдогу "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди бошотууга акыйкатчынын катыштыгы бар экендигин белгилеген пунктту да жокко чыгармакчы. Айта кетсек, Батукаевдин ишине Акундун байланышы бар же жок экендигин иликтеген комиссия аталган иште акыйкатчынын катышы бар экендигин айткан. Соттук териштирүү 16-августта башталат.