Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган чиновник Мелис Калыковдун түздөн-түз тиешеси бар. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, окуя катталган жерден Калыковдун бармак издери жана дадилдөөчү буюмдар табылган.
"Факты боюнча эки кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар өткөрүлгөн. Шектүү катары кармалган Калыков эки ирет экспертизадан өткөн. Анын денесинде камалганга чейин эле көк ала тактар болгон. Ошондуктан жакындары анын камакта кыйноого алынганын айткандары чындыкка жатпайт. Анын түздөн-түз катыштыгы бар болууда", - деп айтты Утемисов.
Буга чейин Калыковго милиция тарабынан кыйноолор болгону маалымдалып, ИИМ бул кабарды четке каккан эле.
Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.