Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган чиновник Мелис Калыковдун жакындары жардам сурап эл аралык уюмдарга кат жазды. Бул тууралуу Калыковдун бир тууган эжеси Дариха Калыкова SUPER.KG'ге 27-ноябрда кабарлады. Эл аралык уюмдардан сырткары 20га чукул өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчиликтерине да кат менен кайрылшканын кошумчалады.
"Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей болуп укук коргоо органдары Мамажакыпов жана Калыков менен бирге аңчылыкка чыккан облустук прокуратуранын кызмат адамдарына эч кандай чара көрбөй жатышат. Тескерисинче, милиция кызматкерлери кылмышты моюнуна алдыруу үчүн инимди ур-токмокко алышыптыр. Ошондуктан бул ишти териштирүүгө жардам берүүнү өтүнүп АКШ, Орусия, Индия, Түштүк Корея сыяктуу 20дай өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчилик кызматтарына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна кат жаздык. Учурда Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кат даярдап жатабыз", - деди Калыкова.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамажакыповдун унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынан, жансыз денеси эртеси шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.
Окуядан кийин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов облуска барып, Мамажакыповдун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүү иштерине байланыштуу облус прокурорунун 2 орун басарын, 2 бөлүм башчысын жана Баткен райондук прокурорун убактылуу жумушунан четтеткен.
Буга чейин маалым болгондой, Мамажакыпов, Калыков облустагы прокуратуранын 4 кызмат адамы менен бирге 17-ноябрь күнү аңчылыкка чыгышканы кабарланган.