Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук отурум башталды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук отурум башталды. Бул тууралуу айыпталуучу Мелис Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 7-майда биринчи отурум болду.

"Соттук отурум эртең менен ачык өтүлөт деп айтылган. Биз журналисттер дагы катышсын деп сотко өтүнүч келтиргенбиз. Бирок саат 14:00дө сот башталып, жабык өтөөрүн, журналисттер эмес, эки тараптын тең жакындары катыша албай турганын айтты. Бул канчалык мыйзамдуу? Себеби мамлекеттик сыр катылган окуя боюнча сот болгон жок, бул жерде "адам өлтүрүү" иши каралып жатат. Эмнеге эки жактын жакындары катышпайт. Кийинки соттук отурум 22-майга белгиленди",- деди Калыкова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу болуп каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан