Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган. Бирок Мамажакыповду өлтүрүүнү анын орун басары А.Байбосунов уюштурганы боюнча интернетке маалыматтар тараган. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев айтылган маалыматты четке какты.
"Чындыгында айрым ЖМКлар Мамажакыповду өлтүрүүнү анын орун басары Арслан Байбосунов уютурганы боюнча маалымат жазып жатышат. Бирок айтылган дооматтар дыкаттык менен текшерилип, облустук прокуратуранын бардык кызматкерлери суралды. Жыйынтыгында айтылып жаткан маалымат аныкталган жок", - деди Бейшекеев.
Бейшекеев Мамажакыповдун өлүмү боюнча козголгон эки кылмыш иштин бири тергелип бүтүп сотко жиберилгенин кошумчалады.
Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.