Кыргызстанга 2013-жылы 3 миллион туристтин келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга быйыл 3 миллион туристтин келиши күтүлүп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Данияр Казаков 15-июлда маалымат жыйында билдирди. 

"2013-жылы Кыргызстанга 3 миллион турист келет деп күтүп жатабыз. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүч менен бирдей болот. Өткөн жылы өлкөгө 3 миллион 342 миң эс алуучу келген",- дейт ал. Айтымында, 2012-жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө туристтик тармактан 647 миллион доллар каражат түшкөн, бул ички дүң продукциянын 4,8 пайызы.Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чек арадан аларга ишеним телефондору жазылган баракчалар берилет жана МАИ кызматкерлери чет өлкөлүк номурдагы унааларды токтотушпайт. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан