Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары уланууда. Алгач облустук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында чогулгандар менен жолугуп, алардын маселелерин уккан вице-премьер-министр айрым тургундардын суроолоруна жооп берди. Андан соң Сарпашев "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы менен таанышып, ал жерде жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат алды. Учурда вице-премьер-министр Базар-Коргон районунда. Жергиликтүү тургундар менен жолугушкан өкмөттүн өкүлү учурда өлкөдөгү экономикалык өсүш 8 пайызга жогорулаганын, айыл чарба тармагында бир топ жылыш болуп жатканын белгилеп өттү. "Кумтөр" ушундай калыпта иштеп турса экономикалык өсүш уланат. Буюрса, ички дүң продукциянын көрсөткүчүн жыл аягына чейин 10 пайызга көтөрөбүз деген план бар",- деди вице-премьер-министр.