Швециянын Падышалык илимдер академиясынын мүчөсү, социология илимдери боюнча профессор Стефан Сваллфорс Нобелдик комитетке кат жолдоду. Катта америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденди "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүү сунушу жазылган. Швециялык профессордун айтымында, Сноудендин эрдигинен улам дүйнөдө коопсуз абал жаралды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жарыялашты. Экс-агент аталган сыйлыкты 2014-жылы гана алып калышы мүмкүн. Анткени 2013-жылга карата "Нобель" сыйлыгына талапкерлерди аныктоо иштери жабылган. Эгер Сноуденге сыйлык берилип калчу болсо, ал дүйнөдөгү эң жаш "Нобель" сыйлыгынын ээси болот.