Курманакун Матенов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 15-июлда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин бул кызматты убактылуу Таалайбек Усубалиев жетектеп келген.