1-июлдан 12-июлга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларына 114 жаран кайрылды

1-июлдан 12-июлга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларына 114 жаран кайрылган. Аталган кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылуулар төмөнкү кызматтардын мыйзамсыз аракеттерине карата болгон:

- укук коргоо кызматтарынын иши боюнча 18 

-жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматтарына карата 19

-билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына 11

-сот системине байланыштуу 2

-Мамлекеттик каттоо кызматына байланыштуу 7

-энергетика тармагы тууралуу 1

-транспорттук ишканалар боюнча 4

-каржы-насыялык мекемелерге байланыштуу 2

-башка мамкызматтарга карата 41 кайрылуу катталган.

Кабарлангандай, 37 кайрылуу мекемелердин жана министрликтерге жөнөтүлсө калганы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында каралат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан