Дарыгерлер тобу Нарын облусундагы 5 айылдын тургундарын текшерүүдөн өткөрүшөт

Дарыгерлер тобу Нарын облусундагы 5 айылдын жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүшө турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү Нарын жана Кочкор районунун Лахоз, Кара-Жылга, Жер-Көчкү, Өрүк-Там жана Ак-Кыя айылдарында болот. Иш-чаранын максаты - калк арасындагы жүрөк кан тамыр жана боор ооруларынын алдын алуу. Диагностикалык текшерүүдөн кийин хирургдар аймактык жана облустук ооруканалардын хирургдары менен биргеликте операцияларды жасашы күтүлүүдө. Өтө оор бейтаптар Бишкектеги ооруканаларга жаткырылат. Аталган топто 4 хирург, кардиолог, кардиоревматолог, акушер-гинеколог, невролог, педиатр, үй-бүлөлүк дарыгер жана УЗИ адиси бар. Текшерүүлөр 16-июлдан 27-июлга чейин уланат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан