Бүгүн, 17-июлда Кыргызстанда 15 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо болот

Бүгүн, 17-июлда Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарында 15 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо болот. БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, шайлоолор төмөнкү айылдарда өтөт. 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылында, Кемин районунун Көк-Ойрок айылында, Москва районунун Александровка айылында, Сокулук районунун Новопавловка, Орокчий айылдарында. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айылында, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылында, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында, Тоң районунун Улахол айылында, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында, Кара-Буура районунун Бейшен айылында, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында.  

Айыл өкмөт башчылары жашыруун добуш берүү аркылуу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.

  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан