Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз
Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү
былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. Бул тууралуу
16-июлда ГЭСтин директору Узакжан Атагараев ал жерге иш сапары менен барган вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашевге маалымдады. Айтымында, учурда ГЭСтин биринчи агрегаты оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. “Жакында күзгү оңдоп-түзөө иштери башталат”,- деп билдирди ал.