"Узтрансгаз" ишканасы 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын берүүнү токтотту. Бул тууралуу "Кыргыз газ" ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев 17-июлда маалымат жыйында билдирди. "Себебин билбейбиз, бирок телефонограммада карыздын айынан өчүрүлгөнү айтылат",- дейт Кулмурзаев. Айтымында, газ берүү Ош, Айдаркен, Кадамжай аймактарында токтотулду. Жалал-Абад шаарында газ бар. "Эртең менен телефон чалып "Узтрансгаз" менен байланыша албадык. Мен өзүм да түшүнбөй турам, эмнеге өчүрүшкөнүн. Кыштан карызы жок чыкканбыз",- деп кошумчалады Кулмурзаев. Ал ошондой эле бул өчүрүүнүн "Кыргыз газдын" орусиялык "Газпромго" сатылышына байланышы жок экенин айтты.