Бүгүн, 17-июлда Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 20-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда өзбек чек арачысынын колунан каза болгон Бакыт Тагаевдин туугандары митинг өткөрүшүүдө. Алар “Бакытбектин 5 уулунун убалы кимге?”, “Бакытбектин өлүмүнө ким жооп берет? Фашистпи же коркок мамлекетпи?”, “Убалдан коркпогон фашисттер!!!” сыяктуу сөздөр жазылган плакаттарды колдоруна кармап турушат. Бул факты боюнча күнөөлүүнү жазалоону талап кылышууда митингге чыккандар. Маркумдун апасы Темиржан Тагаеванын айтымында, кылмыш Кыргызстандын аймагында, чек арадан 1 чакырым бери жакта болгон. “Өзбек чек арачылары кантип Кыргызстандын аймагына кирип кетет?! Эмнеге ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарбайт? Артында 5 уулу калды, улуусу 16 жашта, кичүүсү 6 айлык алардын убалы кимге?”- дейт көзүнө жаш алган эне. Бул митингге Бакыт Тагаевдин атасы, апасы, жубайы, 5 баласы жана туугандары келген. Ал эми укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов төмөнкүлөрдү билдирди: “Маркумдун туугандары мени чакырганынан Кадамжайга баргам. Булардын абалы өтө оор, себеби жалгыз багуучусунан айрылып отурушат. Ал эми аскердик прокуратура бул кылмыш ишин кыскартууда, башкача айтканда, өзбек тарапты коргоп жатышат. Бирок бул окуяга күбө болгондор да бар. Өзбекстан болсо кылмыш иши чек арада болгондугун айтууда. Бул туура эмес, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Митингге "бул ишке ким жооп берет, мамлекетпи же Өзбекстанбы” деген суроого жооп издөө үчүн чыктык”. Белгилей кетсек, 20-июнда болжол менен саат 00:15те Өзбекстандын чек арачылары Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевди 3 жолу атып өлтүрүшкөн.