Ысык-Көл. Мал издеп чек арадан өткөн 8 кыргыз жараны Казакстанда камакта жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көк-Көл жайлоосунан бир нече баш малын жоготуп, аны издеп Казакстандын аймагына киришкен облус тургундары 11-июлдан бери камакта жатат.Бул тууралуу камакта жаткан тургундардын ата-энелери билдиришти. Алардын айтымында, Корумду айылынын 8 тургунун казак чек арачылары "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирдиңер" деп аларды камакка алышкан. Бул окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаевага байланышканыбызда ал “бул иш боюнча эки тараптын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, малчылардын малы кайтарылды. Ал эми камактагы кыргыз жарандары тууралуу учурда сүйлөшүү жүрүп жатат. Аларга кандай жаза колдонулары азырынча белгисиз",- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан