Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы дүкөндөрдүн биринен 13-июль күнү өрт чыккан. Аны өчүрүү учурунда Качаганов Н.С. аттуу өрт өчүрүүчү оор жаракат алган. Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын ага инспектору Бекжан Жексенбиев билдиргендей, жабырлануучунун денесинин бир канча жери күйүп, буту сынган. Учурда Тоң райондук ооруканасында дарыланып жатат. Өрттүн келип чыгышына электр зымдарын туура эмес туташтыруу себеп болгон.