АКШ бийлиги Максим Бакиевдин банктык эсептерин колдонууга убактылуу тыюу салды

АКШ бийлиги мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин АКШнын банктарындагы акчаларын колдонууга убактылуу тыюу салганын “Коммерсантъ” басылмасы КРнын экономика министри Темир Сариевге шилтеме берүү аркылуу жарыялады. Тоңдурулган акчанын суммасы 74,4 миллион долларды түзөт. Министр Темир Сариев башка мамлекеттер дагы ушундай кадамга барып, Максимдин каражаттары Кыргызстанга кайтарыларына үмүттөнөрүн айткан. Ал эми башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу М.Бакиевдин эсебин жабуу тууралуу кат Латвияга жана Улуу Британияга жиберилгенин билдирген. Аталган басылмада жазылгандай, кыргызстандык тергөөчүлөр Максим Бакиев көпчүлүк каражаттарын Латвиянын банкында санаалашы Алексей Елисеевдин наамында сактап жүргөнүн айтышкан.   

  

Президент Алмазбек Атамбаев "Градиан" гезитине интервью берип, Англиянын Маким Бакиевге карата жасаган мамилесине катар сын айтты. Максим Бакиев Кыргызстандын тоноочсу экенин билдирген өлкө башчы буларга токтолду: "Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын балдарына баш калкалоо берди беле? Анда эмне үчүн Кыргызстанга карата башка стандарт колдонулуп жатат? Англия Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүн колдойбуз дейт, бул калп. 20 жыл оппозицияда жүрүп, декмократия үчүн күрөштүм. Мен демократия жөнүндө айтылган кооз сөздөрдүн артында жалган болорун билген эмесмин. Демократияны негиздеген Англиянын бизге каршы барганы түшүнүксүз. Саясатта ушундай уятсыз, коррупциялашкан иштер болорун күткөн эмесмин".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан