Бүгүн, 17-июлда президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матеновду кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын күзөтүү жана коргоо маселелери талкууланды. Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы президентке өлкөнүн чек ара бөлүктөрүн күчөтүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Өлкө башчы чек арадагы чыңалууну азайтуунун маанилүүлүгүнө жана чек арага жакын райондордун коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду.