2013-жылдын 6 айына карата Оштогу Июнь окуясынын жабырлануучуларына 5 миллион 430 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет

Өкмөттүн Июнь окуясынын жабырлануучуларына кошумча жөлөк пулдарды төлөп берүү тууралуу токтомуна ылайык, Ош шаарында 187 бала социалдык жөлөк пул алат. Анын ичинен 44ү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүм. Ош шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бакшармалыгы билдиргендей, жыл башынан бери аталган окуянын жабырлануучуларына 5 миллион 430 миң сом берилиши керек болчу. Бирок Каржы министрлиги бул сумманын бир бөлүгүн берүүнү кечиктирип жатат. "Учурда бизге 3 миллион сом гана келди, биз аны төлөп баштадык",- дейт аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Базарбай Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан