Учурда Ош шаары боюнча 20 442
жаран пенсия алат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, орточо пенсиянын көлөмү 4377 сомду
түзөт. Ал эми жыл башынан бери пенсия катары 594 миллион 344 миң сом төлөнгөн. “Ош
шаарында пенсия өз убагында берилет. Июль айынын пенсиясы толук төлөнүп бүткөн”,-
деп жазылган билдирүүдө.