17-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 392 миллион метр кубду түздү

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы 17-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 392 миллион метр кубду түзгөнүн билдирди. Былтыр бул күнү андагы суунун көлөмү 16 миллиард 793 миллион метр кубду түзгөн. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 646 метр куб, суунун агып чыгышы 224 метр куб болууда. Былтыр 17-июлда суунун агып кириши секундуна 563 метр куб, агып чыгышы 379 метр куб болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан