Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 36 даана көрнөк-жарнак алынды
Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти,
“Тазалык” муниципалдык ишканасы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана
райондук администрациялар менен биргеликте өткөргөн кезектеги рейддин жүрүшүндө
мыйзамсыз орнотулган жана эскирген 36 даана көрнөк-жарнак алынып салынды. Бул
тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди. Рейд Кулатов,
Бөкөнбаев, Байтик баатыр көчөлөрүндө өткөрүлгөн.