СЭИ кызматкерлери борбор шаардагы унаа оңдоочу жайлардын бири санитардык талаптарды сактабаганын аныкташты

Кезектеги рейддин жүрүшүндө Бишкек мэриясына караштуу Санитардык экологиялык инспекциянын кызматкерлери Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Данияр" ТТСинин айланасында санитардык талаптардын бузулганын аныкташты. Аталган ТТСтин айланасы, суу арыктары таштандыларга толтурулган. Рейддин жыйынтыгы боюнча аталган жайдын ижарачысынын атына КРнын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, чара колдонуу максатында Биринчи Май райондук административдик комиссиясына жиберилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан