АКШ бийлиги Эдвард Сноуденди экстрадициялоо боюнча 5 өлкөгө кайрылуу жолдоду

АКШ бийлиги америкалык атайын кызматтын экс-кызматкери Эдвард Сноуденди экстрадициялоо боюнча 5 өлкөгө кайрылуу жөнөттү. Өлкөнүн ММКлары кабарлагандай, ал өлкөлөр: Гонконг, Венесуэла, Боливия, Исландия жана Ирландия. Буга чейин Сноудендин Орусиянын Федералдык миграция кызматына баш паанек берүү тууралуу кайрылганы белгилүү болгон. Азырынча расмий Кремль бир жооп айта элек. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматынын жашыруун аракеттерин, европалык өлкөлөргө тыңшоо уюштурулуп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден учурда Орусиянын "Шереметьево" аэропортунун аймагында баш калкалоодо. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан