Бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Токтогул районунан уланды. Вице-премьер-министр Кара-Жыгач айылындагы жаңы курулган суу каналынын ачылышына катышып, кызыл тасма кести. Айтымында, бул саамалык район үчүн эмес жалпы Кыргызстан үчүн пайда алып келмекчи. Анткени аталган аймактын жайыттарын сугарууга 40 жылдан бери суу жетпей, сугат иштери кыйынчылык менен жүргүзүлүп келген. “Көптөн бери каралып келе жаткан бул маселеге атайын фонд тарабынан 53 миллион сом бөлүнүп, минтип 970 гектар жер суу менен кеңири камсыз болду”,- деди Сарпашев.