Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Токтогул районунан аяктады

Бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында райондун активдери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт ЖКга сунуштай турган айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү долбоорун талкуулоо менен катар катышуучулар тарабынан райондогу социалдык көйгөйлөр айтылды. Көпчүлүк район тургундары аталган мыйзам долбоору кеч каралып жатса да, туура демилге экенин билдиришти. Ушул жолугушуу менен вице-премьер-министрдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан