Таластагы "Быстроток" суу каналын жакынкы сааттарда ачтыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Таластын Кара-Буура районунда Казакстанга суу өткөрбөй "Быстроток" каналын тосуп, ал жерди кайтарууга алган жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, тосулган канал жакынкы сааттарда ачылышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик жетекчилери сууну коё берүү боюнча Кайнар айылынын жашоочулары менен пикир алышууда. Айта кетсек, Кайнар айылынын ондогон тургундары чек ара маселесин чечип берүү талабы менен 7-июлдан бери каналдын суусун Казакстан тарапка өткөрбөй жатышат. Аталган маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Эмир Парпиевдин билдиришинче, 23-июлда Казакстандын Жамбыл облусундагы жергиликтүү бийлик жетекчилери менен Таластын Көк-Сай, Кайнар айылдарынын тургундары жолугуп сүйлөшөт.

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан