Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды
Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланганын БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Мэрлик кызматка "Ата Мекен", "Ата Журт", КСДП жана "Замандаш-Современник" партияларынын талапкерлери ат салышты. 31 депутаттын 22синин добушун алуу менен Сатыбалдиев шаар башчысы болуп шайланды. Шайлоо мыйзам бузуусуз өткөнүн билдирет БШК.